Аба ырайы: чукул эскертүү

Кыргызстанда 30-ноябрдан 2-декабрга чейин маал-маалы менен кар жаайт, айрым жерлерде катуулайт. 30-ноябрда жана 1-декабрда түнкүсүн абанын температурасы -8...-13 градус, күндүз -1...-6 градска чейин төмөндөйт.

Мындай аба ырайы энергетика, унаа жана байланыш тармактарынын ишин кыйындатат жана алыскы жайыттарда мал багуу түйшүгү арбыйт.

Бишкек – Ош (121-137 жана 198-265чу чакырым), Каракол – Эңилчек (45-90чу чакырым), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90, 145-150чү чакырым ), Ала-Бука – Каныш-Кыя (65-100чү чакырым) тоо жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн, тайгак жана тоңголок болот. Мындай жолдордо айдоочулар 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

30-ноябрда Кыргызстанда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондорго кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоо жолдордо кар көчкү коркунучу көбөйөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5... -10 , күндүз -1... -6 градус, Талас облусунда түнкүсүн -7… -12, күндүз -2…-7 градус, Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз - -3…+2 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн - 2... -7, күндүзү -2 ...+3 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6... -11, күндүз -1... -6 градус, Нарын облусунда түнкүсүн - 11... -16, күндүз -5... -10 градус болот.

30-ноябрда Бишкекте кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8 градус суук, күндүз -2…-4 градус болот. (EBM)