Таласта эч кандай нааразылык акциясы болгон жок

Бул туралуу “Азаттыкка” Талас шаардык аймактык шайлоо комиссисынын төрайымы Канайым Сайдалиева кабарлады. Анын айтымында, республикалык айрым жалпыга маалымдоо каражаттары “шаардык мэриянын алдында шайлоодо аз добуш алып калган партиялардын өкүлдөрү нааразычылык акциясын өткөзүп жатат” деп жарыялашкан. Бул маалыматты жеринде жүргөн “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы төгүндөдү.

Кечээ Талас шаардык кеңешке болгон шайлоодо аз добуш алып калган "Ата Мекен", "Авангард" саясий партияларынын өкүлдөрү добуштарды кайра саноо талабын коюшкан болчу. (MbA)