Ошто ички мигранттардын жашоосун чагылдырган даректүү тасма тартылды

Бул тууралуу “Азаттыкка” Адам укуктары боюнча "Эдвокаси" борборунун адиси Сахира Назарова билдирди. Тасма аталган борбордун каржылык колдоосу менен ОшТВ телекомпаниясы тарабынан тартылган. Анда райондордон келип, Ош шаарында иштеп, жашап жүргөн кишилердин тагдыры сүрөттөлөт. Тасма ушул аптада коомчулукка көрсөтүлөт.

Ош шаарында 2009-жылдагы каттоо боюнча расмий түрдө 258 000ден ашуун адам жашайт. "Эдвокаси" борборунун маалыматында, калаага башка райондордон келип жашап, иштеп жүргөндөрдүн саны да 250 000 экени айтылат. (SE)