“Айланма” добуш берүү боюнча кылмыш ишти шаар милициясы тергейт

Башкы прокуратура чуулуу видео тууралуу кылмыш иш козгоду. Ишти иликтеп-тергөө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Бир эле адамдардын бир канча шайлоо бекеттеринде кайта-кайта добуш бердиртүү ыкмасы үйрөтүлүп жаткан видео интернетке жарыяланып кеткен эле. Анын башкы уюштуруучусу “Республика” партиясынын жаштар канатынын лидери Наргиза Ажыбаева экени аныкталган.

Аталган партия бул видеону аларды жаманатты кылуу үчүн атайын кызмат уюштуруп, тартып алган деп билдирүү тараткан болчу. (EBM)