Кыргызстан-ЕБ: Товар жүгүртүүнүн көлөмү өстү

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн Бишкекте Евробиримдик жана Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийин билдирди. Анын маалыматы боюнча, 1996-жылдан тарта Евробиримдиктен ар кандай долбоорлор аркылуу 450 миллион евро жардам келген. Быйыл жыл башынан бери уюм менен товар жүгүртүүнүн көлөмү 43 пайызга өсүп, 433 миллион долларды түздү.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кетрин Эштон бүгүн Кыргызстанга келди. Ал Бишкекте Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты. (EBM)