Жалпы жыйынтык 10 күндүн ичинде чыгат

Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Шайлоо мыйзамына ылайык, аймактык шайлоо комиссиясына добуштарды эсептөөгө 20 күн берилген. Протоколдор келгенден кийин БШК аны 10 күндүн ичинде карап чыгып, шайлоо жыйынтыгын жарыялашы керек. “Бирок биз көпкө созбой, жыйынтыкты 10 күндүн ичинде чыгарганга аракет жасайбыз”, - деп билдиришти Борбордук шайлоо комиссиясынан. (ZB)