Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Нурмамат Ашымов билдирди. Анын айтымында, бул добушканадан келген урнаны ачканда, ичинен 564 бюллетен чыккан. Бирок иш жүзүндө добуш бергендердин саны 417 адам болчу. Мындан тышкары сейфтен дагы 102 бюллетен табылбай жатат. Бул өтө одоно мыйзам бузуу болгонун белгилеген БШК мүчөсү учурда териштирүүлөр башталганын кошумчалады. (ZB)