Мындай пикирин президент бүгүн Бишкек шаар кеңешине шайлоого добуш берип бүткөндөн кийин “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Мамлекет башчы жыл өткөн сайын парламент тазаланып, катарына жалаң өлкө, эл үчүн иштей турган адамдар келерине ишенерин кошумчалады. Президент Кыргызстанда шайлоочулар добушун сатарын моюнга алуу керектигин айтып, өлкөнүн келечеги үчүн ар бир жаран күйүшү керектигин эскертти. Атамбаев ошентсе да быйылкы шайлоо 2008-жылкы шайлоодон айырмаланып турганын белгилеп, бийликтин түзүлүүсүнө таасир эте аларын эл түшүндү деп айтты.
Ал ошондой эле шайлоодон кийин кырдаалды солкулдатууга аракеттер болорун, бирок аларды эл ээрчибесине ишенерин билдирди. Президент мындай аракеттерди “бийлигинен ажырагандардын жандалбастоосу” деп атады.
Президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын лидери болчу. Ал өткөн жылы президенттик шайлоодон утуп, мамлекет башчылыгына келгенден кийин партиядан чыккан.(ZKo)