Мындай эл аралык конференция бүгүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде башталат. Анда Кыргызстанда технопарк куруунун келечеги, ага тоскоол болуп жаткан маселелер талкууланат. Эл аралык конференцияга Түштүк Корея жана Түркиядан келген окумуштуулар катышып, тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү. Ошондой эле Жогорку Кеңеште жаңыдан даярдалып бүткөн “Технопарк жана инновациялык борборлор тууралуу” мыйзам долбоору да катышуучулардын талкуусуна коюлат.
Быйыл жазында Түркия “Манас” университетинин базасында технопарк түзүүгө 10 миллион доллар бөлүүгө макул болгон. Учурда аталган университетте аны түзүү боюнча иштер башталды.(BkA)
Быйыл жазында Түркия “Манас” университетинин базасында технопарк түзүүгө 10 миллион доллар бөлүүгө макул болгон. Учурда аталган университетте аны түзүү боюнча иштер башталды.(BkA)