Эл аралык коомчулук Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантыш керек деди

Евробиримдиктин Тышкы иштер боюнча мекемесинен кечээ “Азаттыкка” кабарлашкандай, Иран менен ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөргө катышып жаткан алты өлкө - Кытай, Орусия, АКШ, Британия, Франция жана Германия – сүйлөшүүлөрдү кайра “мүмкүн болушунча эртерээк” улантуу зарылдыгын белгилешүүдө. Аталган мамлекеттердин расмий өкүлдөрү шаршембиде Брюсселде жолугушуп, Иранды талаштуу өзөктүк программасынын ишин токтотууга кантип көндүрүүнүн жолдорун талкуулашты.

“Максат, албетте, Иранды биз киргизген сунуштарга катыштыруу жана дүйнөнү Тегерандын ядролук программасы чындап эле жайчылык максатты көздөөрүнө ынандыруу”, - деди расмий өкүл. Быйыл июнда Москвада өткөн акыркы сүйлөшүүлөрдө туңгуюк абалдан чыгыш үчүн ким биринчи кадамды жасашы керектиги боюнча эки тарап мунаса таба албай, сүйлөшүүлөр токтоп калган.