Башкы прокуратура депутат Обдуновдун кол тийбестигин алууну суранды

Башкы прокуратура депутат Элмурат Обдуновдун кол тийбестигин алуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылды. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын кабарлашты. 15-ноябрда башкы көзөмөл орган Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын депутаты Элмурат Обдуновго кылмыш ишин козгогон. Ага ылайык, Обдунов 2009-2010-жылдары Ош мамлекеттик университетинде башкы эсепчиси болуп иштеп жүргөн учурда окуудан чыгарылган 421 студенттин эки жарым миллион сомго чукул келишимдик акысын кайтарып бербей, кымырып койгон деп шектелүүдө. Учурда бул кылмыш ишти Ош шаардык прокуратурасы тергеп жатат.

Депутат Элмурат Обдунов өзү мындай айыптарды четке кагууда. Эми жакынкы күндөрү Обдуновдун кол тийбестигин алуу боюнча маселе Жогорку Кеңеште каралышы керек. (BkA)