Жаза аткаруу кызматында коррупциялык иштер аныкталды

ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, өкмөт алдындагы Жаза аткаруу кызматынын жетекчилери кызматынан пайдаланып, мамлекеттин каражатын өз кызыкчылыгына жумшаганы аныкталды. Маалыматка ылайык, 2009-жылы аталган кызматтын жетекчилиги кампасында турган 1 миллион сомдук азык-түлүктү өз кызыкчылыгы үчүн сатып жиберген. Учурда Кылмыш кодексинин "кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдаланган" жана "мамлекеттин мүлкүн мыйзамсыз ыйгарып алган" деген беренелердин негизинде кылмыш иши козголду. (BkA)