Насыяны төлөй албай калган аялдар өздөрүн өрттөөгө аракет кылды

Бишкектеги Горький паркында чакан насыя компанияларга карызы барлардын нааразылык акциясында бүгүн 10 чакты аял өзүн өзү өртөөгө аракет кылды. Алар бензинди өздөрүнө жаба куюп, от жагаарда өрт өчүргүчтөр, милиция кызматкерлери кармап калды. Кабарчыбыздын билдиришинче, учурда паркта тигилген боз үйдүн алдында алоолонгон от күйүп атат. Нааразылыкка чыккандар эгер талаптары аткарылбаса өзүн-өзү өрттөө акциясы эртең кайра кайталанарын эскертишүүдө.

Горький паркында чакан насыя берген компаниялардан акча алып, бирок карызын төлөй албагандардын мөөнөтсүз акциясы сентябрь айынан бери уланууда. (EBM)