Аба ырайы

Кыргызстанда 21-ноябрда Чүй жана Ысык-Көл облусунан айрым аймактарында кар жаайт. Нарын менен Ысык-Көлдөн башка бардык облустарда кээ бир жерлерди туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -8... -13 , күндүз -4... +1 градус, Талас облусунда түнкүсүн -9… -14, күндүз - 0…-5 градус, Баткен облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз - +1…+6 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн - 1... -6, күндүзү +2 ... +7 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8... -13, күндүз -3... +2 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -8... -13, күндүз 0... -5 градус болот.

21-ноябрда Бишкекте кар жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман капташы ыктымал. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз 0…-2 градус болот. (EBM)