Ош шаардык «Газ чарба» башкармалыгы коогалаңда жапа чеккен конуштарга
газ бере баштаганын бүгүн "Азаттыкка" башкармалыктын жетекчисинин орунбасары
Зина Азимкулова билдирди. Анын айтымында, көчөлөргө орнотулган газ түтүктөрү жана эсептегичтер акысыз коюлат. Көчөдөн үйгө туташтыруу ар бир жарандын өз чөнтөгүнөн
төлөнөт. 2010-жылдагы июнь коогасында жабыркаган миң үйбүлөдө азыр газ эсептегич жок.
Газдаштырууну Дүйнөлүк өнүктүрүү банкы каржылоодо. 2010-жылдагы жаңжалда түтүктөр жарактан чыкканына байланыштуу Оштогу Фуркат, Шарк, Шейит-Дөбө конуштарында, Навоий көчөсүндө газ жок болчу. (SE)