Кытайда апрел окуяларынан жараат алган жаранга операция жасалды

Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, октябрдын соңунда 7-апрелде ок жеген Максат Чегирткеевге Кытайдагы Шихэцзый университетинин ооруканасында операция жасалды. Операцияга кыргызстандык хирург профессор Алымкадыр Бейшеналиев да катышкан.

2010-жылы 7-апрелде ичине ок тийип, эки жылда беш жолу операция болгон 21 жаштагы Максат Чегирткеевди Кыргызстанда дарылоодон майнап чыкпай, ичеги-карыны ириңдеп жаткандыктан быйыл жазында Кытайга жөнөтүлгөн эле. Андан бери зарыл каражаттын жоктугунан операция жасалбай жаткан.

Операцияга “Роза Отунбаева демилгелери” фонду жана Кытайдын Соода жана коммерция министрлиги жардам көрсөткөн. (BkA)