Күн машиналары Чилиде жарышка чыкты

Күн машиналарынын экинчи жарышы Чилинин Атакама чөлүндө башталды. Аргентина, Чили, Венесуэла, Индияда жасалган күндүн нуру менен жүргөн 15 машина Сантягодон 800 чакырым түндүктөгү Хумберстоун аймагынан жолго чыкты.

Төрт күндүк мелдеште эки түрдүү категория бар, биринчисинде жалаң күн менен иштеген машиналар болсо, экинчисинде ага кошумча айдоочу велосипед тепкендей, машинасын тээп жүрөт. Жарыштын максаты чыгымы аз, арзан, айлана-чөйрөгө азыраак зыяк келтирүүчү унааларды ойлоп табууга салым кошуу болуп саналат. Мындай машиналар 7 миң доллардан арзан болуп, айрымдары саатына 120 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрө алат.