Монголияда Чыңгыз хандын мааракеси белгиленди

Чыңгыз хандын Монголиядагы эстеликтеринин бири.

Моңгол империясынын негиздөөчүсүнүн 850 жылдык мааракеси Монголиянын жаңы тарыхында быйыл биринчи ирет жалпы улуттук деңгээлде майрамдалды.

Моңгол парламенти 14-ноябрды жыл сайын Сыймык күнү катары белгилөө чечимин кабыл алды.

Бүткүл өлкө боюнча түрдүү салтанаттар уюштурулду. Чыңгыз хандын Улан-Батордогу эстелигине гүл чамбарлар коюлду. Бир топ адамдар президенттик сарайда Чыңгыз хан ордени менен сыйланышты. (UE)