Балыкчыдан качкан жоокерлер Майлуу-Сууга которулду

Бул тууралуу “Азаттыкка” качкан жоокерлердин бири Самаган Жапаров билдирди. Балыкчы шаарындагы аскер бөлүктөн 18-октябрда эки жоокер качып кеткенин “Азаттык” биринчи жазып чыккан.

Шаардык аскер сотто кызмат өтөөгө бөлүнгөн бул уландар жетекчилери кордоп-кодулап, ур-токмокко алганын жана жалчы катары пайдаланганын айтып даттанып Жалал-Абаддагы аскер прокуратурасына кайрылган болчу. Коргоо министрлиги, Аскер соту жана Аскердик прокуратура бул факт боюнча иликтеп-териштирүү баштаган. (EBM)