Казакстанда кар күрткүсүндө калган кыргызстандыктар бошотулду

Казакстанда унаа жолдо баратып кар күрткүсүндө калган кыргызстандыктар аман-эсен бошотулду. Бул тууралуу казак маалымат агенттиктери кабарлоодо. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги азырынча бул окуя тууралуу маалымат тарата элек.

Окуя Астана - Петропавловск унаа жолунун 320-чакырымында болгону, карда калган автобустун ичинде 54 адам бар экени, алар Орусияга жөнөп бараткан кыргызстандыктар экени айтылууда. (RK)