Булуң өлкөлөрү сириялык коалицияны тааныды

Перси булуңунун Кызматташттык кеңешинин алты мүчөсү Сириянын жаңы түзүлгөн оппозициячыл биримдигин Сирия элинин мыйзамдуу өкүлү деп таанууга чечим чыгарды. Кеңештин баш катчысы Абдулатиф ал-Заяни дүйшөмбүдөгү билдирүүсүндө мунайга бай өлкөлөр кирген бул кеңеш Сириянын Улуттук коалициясын колдоп, андан «Сирия элинин мүдөө-максаттарын ишке ашырат» деп үмүттөнөөрү айтылды. Перси булуңунун Кызматташттык кеңешине Сауд Аравия, Бахрейн, Бириккен Араб эмираттары, Оман, Катар жана Кувейт кирет. Сириянын президенти Башар ал-Асаддын өкмөтүнө каршыккан оппозициячыл күчтөр Катардагы төрт күндүк сүйлөшүүнүн соңунда жекшемби күнү жаңы кеңири коалиция түзүүгө макулдашкан. Келишимди АКШ жана башка батыш өлкөлөрү колдогон. Орусия жаңы коалицияны бийлик менен сүйлөшүүгө жана тышкы кысымга жол бербөөгө чакырды.