Орусияда Генштабдын башчысы алмашты

Генерал-полковник Герасимовду Генштабдын башчылыгына дайындоо учуру. 9-ноябрь, 2012-жыл.

Президент Владимир Путин Генштабдын башчылыгына бүгүн Борбордук аскерий округдун командачысы Валерий Герасимовду бекитти.

Ал ошондой эле коргоо министринин биринчи орун басары кызматын аркалайт.

Орус президенти соңку күндөрү Коргоо министрлигинде орун которуштурууларды жүргүзүүдө.

Өткөн жума күнү коргоо министринин кызматына өзгөчө кырдаалдар боюнча мурдагы министр, Москва облусунун губернатору Сергей Шойгу келген.

Ал эми мурдагы коргоо министри Анатолий Сердюков министрликке караштуу “Оборонсервис” ишканасындагы көз бойомочулуктар боюнча тергөө башталганына байланыштуу кызматтан алынды. (UE)