БШК: Шайлоочулар тизмесин телефондон тактоо мүмкүнчүлүгү ачылды

Кыргызстанда шайлоочулар БШКнын тизмесине кирдиби-жокпу, эми шайлоо участогуна барбастан эле, телефондон сурап биле алат. Бүгүнтөн тарта Борбордук шайлоо комиссиясында атайын телефон иштей баштады. Анын номуру 0 312 62 09 09. Каалоочулар ушул номурга чалып, өзүн тизмеден тактап, добуш берүү кайсы жерде болоорун сурап алса болот.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо үчүн түзүлгөн шайлоочулардын тизмесин тактоо бир аптадан кийин токтойт. Ар бир жарандын тизмеде бары-жогун тактап, эгер кандайдыр бир каталар болсо билдирүүсүнө берилген бир айлык мөөнөт 14-ноябрдын түнкү саат 12синде аяктайт.

25-ноябрда Кыргызстандын 25 шаарында жана 416 айылында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлашат.

Буга чейинки шайлоо өнөктүгүндө, 2011-жылдын 30-октябрында президентти шайлаганда көптөгөн кыргызстандык шайлоочулар өзүлөрүн тизмедей таппай калып, добуш берүүгө катыша албай калган. Бирок кийин шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланганда бул мүчүлүштүк шайлоонун жалпы жыйынтыгына кандайдыр бир таасир тийгизбегени айтылган болчу. (RK)