Кытай жаңы лидерлерин тандайт

Вице-президент Си Цзинпин Коммунисттик партиянын XVIII курултайынын ачылышында, 8-ноябрь, 2012

Бээжинде кечээ Коммунисттик партиянын ар беш жылда бир жолу өтчү курултайы ачылды. Бир аптага созулчу курултайды президент Ху Цзинтао коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү чакырыгы менен ачты.

Бул жолку жыйында партия өлкөнүн жетекчилеринин жаңы муунун тандашы керек. Азыркы президенттин ордуна вице-президент Си Цзинпин келери кеңири айтылып жатат. Алгач ал партиянын жетекчиси, кийинчирээк мартта президент катары жарыяланышы мүмкүн. Өкмөттү жетектөөгө болсо азыркы биринчи вице-премьер-министр Ли Кэцян келет дешет.