Грецияда жумушсуздук эң жогорку чегине жетти

Мамлекеттик статистика агенттиги өлкөдө жумушсуздардын саны 1 млн. 200 миң адамдан ашканын, бул жалпы жумушка жарамдуу калктын 25% ашыгыраагын түзөөрүн билдирди. 15 жаштан 24 жашка чейинки жаштардын жарымынан көбүнүн иш табууга мүмкүнчүлүгү жок.

Шаршембиде Грециянын парламенти бюджеттик чыгымдарды кескин кыскартуу боюнча жаңы чараларды жактырган. Өлкө сырттан каржылык колдоо алышы үчүн өзүндө чыгымдарды кыскартууга милдеттеме алган. Грек өкмөтү сырттан тезинен жардам болбосо, ноябрдын ортолорунан тарта такыр эле акчасыз калаарын эскертти.

Премьер-министр Антонис Самарас шаршембиде депутаттарга кайрылып, Греция акчаны үнөмдөө менен гана кризистен чыга алат деди.

"Эгерде Греция сарамжалдуулукка катуу турса, кризистен чыга алат. Ошондо гана биз бул жагдайды жеңе алабыз. Мен ошол жеңишке баарыбыз биргеликте баралы, ал үчүн бирге аракет кылалы деп суранып жатам. Мен андан ашык нерсе сураган жокмун", - деди грек өкмөтүнүн башчысы Самарас.

Бирок Германиянын каржы министри Грецияга жардам келерки аптада да бөлүнбөй калышы мүмкүн экенин билдирди. Шаршембиде бюджеттик чыгымдардын кыскартылышына нааразылык билдирген миңдеген адамдар Афинада парламенттин алдына демонстрацияга чыгышкан.