Октябрь революциясынын жеңген күнү майрамдалууда

7-ноябрь Октябрь революциясынын жеңген күнү - эс алуу күн деп жарыяланган. Бүгүн Коммунисттер партиясы өздөрүнүн жолбашчысы, партиянын негиздөөчүсү Владимир Лениндин эстелигине гүл коюп, cовет бийлигин түптөө үчүн кан төккөндөрдү эскеришет.

Мындан туура 95 жыл мурун, 7-ноябрда Орусияда падышалык бийлик тактан кулап, анын ордуна Владимир Ленин башында турган жумушчулар менен дыйкандардын Коммунисттер партиясы бийликке келген. Ошондон тарта Советтик Социалисттик Республикалардын союзу деген ири держава куралып, 73 жылдан кийин кайра урап калган. Анын курамындагы 15 республика бүгүн ар бири өз алдынча эгемендикке ээ өлкөлөр.(ZKo)