Бахрейнде кош жардыруудан эки адам өлдү

Полиция кабарлагандай, дүйшөмбүдө борбор калаа Манамада эки жерде жарылган бомбадан азиялык эки эмгек мигранты набыт болду, дагы бир адам жаракат алды. Кабарларга караганда, колдо жасалган бомба жарылган. Мамлекеттик маалымат агенттиги окуяны “террор актылары” катары сыпаттап жатат. Бахрейнде былтыр февралда шийи көпчүлүгү сунни падышасына каршылык билдирип көчөгө чыкканда толкундоолор башталган эле. Демонстрациялар күч колдонулуп токтотулганы менен, ар кайсыл жерлерде коопсуздук күчтөрү менен кагылыштар уланып келет.