Бул тууралуу жекшембиде Ирандагы маалымат булактары кабарлашты. Кабарга караганда, Иранда жасалган пилотсуз учак турган жеринде эле асманга тикелей көтөрүлө алат жана асманда кармалып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Mehr маалымат агенттиги ал долбоордун директору Аббас Жамга ишембиде шилтеме жасап, учакты сыноо ошол күнү өтөөрүн, келерки жылы коомчулукка көрсөтүлөөрүн билдирди.
Өткөн айда Израил өзүнүн аймагына 55 чакырымдай кирип барган Иранда жасалган делген пилотсуз учакты атып түшүргөн. Кийинчерээк аны Ливанда Иранга жан тарткан “Хезболла” козголоңчул тобу учурганын жарыялады. Расмий Тегеран болсо акыркы жылдары Ливандан ондогон пилотcуз учактарды Израилге учурганын билдирген. Израил бул маалыматты четке кагууда.
Иран өзүнүн аскерий технологиясы кескин секирик жасаганы тууралуу көп айтат, бирок алардын басымдуу бөлүгүн текшерүү мүмкүн эмес.