Коргоо кеңеши: Чек ара кызматын Бишкекке көчүрүү зарыл

Кыргызстандын Коргоо кеңеши Чек ара кызматын Оштон Бишкекке көчүрүүнүн зарылчылыгы тууралуу түшүндүрмө берди.

Бүгүн таратылган билдирүүдө Чек ара кызматынын борбордук аппараты менен башкы штабынын Ошто болушу жогорку аскердик-саясый жетекчилик жана каржылык, техникалык жардам көрсөткөн эл аралык уюмдар менен байланышты алсыратып койгону айтылат. Ошондой эле Ошко көчүп барган чек арачы офицерлерди үй-жай менен камсыз кылуу бир топ маселе жаратканы, Бишкекке келип-кеткенине чыгым көбөйгөнү тууралуу да сөз болот.

Учурда ижара акысы үчүн чек арачы аскерлерге болгон кредитордук карыз 1 миллион 366 миң сом. Ал эми жол жана унаа акысы үчүн карыз 2 жарым миллиондон ашканы айтылууда.

Чек ара кызматын Оштон Бишкекке көчүрүү тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 18-октябрда кол койгон.

Айрым саясатчылар жана парламент депутаттары мындай чечимге каршы пикирин айтууда. (RK)