Түштүк Кореянын зоопаркындагы пил адамдардын сөздөрүн кайталоону үйрөнүп алды

22 жаштагы Кошик деген пил корей тилинде бир нече сөздөрдү жаттап алган. Жергиликтүү жана европалык окумуштуулар жаныбар кеминде 5 сөздү, анын ичинде жакшы дегенди билет дешет.

Кошик жалгыздыктан сүйлөгөндү үйрөнүп алды болуш керек дешет илимпоздор. Ал зоопаркка 3 жашында алынып келген. Бирок пил кайталаган сөздөрдүн маанисин түшүнүп түшүнбөсүн окумуштуулар айта албайт.

Кошикти машыктырган мугалим ага азыр Сарангае же "мен сени жакшы көрөм" деген сөздү үйрөтүп жатат.