Каракол – Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды

Кечээ түштөн кийин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол – Эңилчек унаа жолунун 76-77-чакырымында 100 м³, 81-82-чакырымында 120м³ кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү техника тартылып, кечке жуук жол бир изге ачылды. Азырынча жол толугу бойдон тазаланып бүтө элек. (RK)