Бишкек шаар кеңешине ат салышып жаткан 23 партия телетаймашка чыгат

Бишкек шаардык кеңешине ат салышып жаткан саясий партиялардын телетаймашы КТРКда түз эфирде болот. Бул тууралуу каналдын маалымат кызматы билдирет. Ага ылайык, дебаттар 13-ноябрдан 22-ноябрга чейин иш күндөрү, кечки саат сегизден тогуз жарымга чейин болот. Бардыгы болуп сегиз телетаймаш өтөт. Алардын жетисине үчтөн партиялар, бирөөнө эки партия катышат. Дебаттар түз эфирде болот жана ал эки тилде – кыргызча, орусча жүрөт.

Кечээ Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын маалымат борборунда Бишкек шаардык кеңешине ат салышып жаткан 23 саясий партиянын өкүлдөрү чучукулак кармашты.

Телетаймаш маалында лидерлер бири-бирине суроо узатышат. Ошондой эле, интернеттен жана аймактардан видео суроолор болот. Дебаттан тышкары КТРК партиялардын ар бирине шайлоочуларга жеке кайрылуу үчүн 10 мүнөттөн бекер убакыт бөлмөкчү. Бул убакытта партиялар программасын элге тааныштыра алат.

Шаардык кеңештерге шайлоо 25-ноябрда болот. Ага 23 саясий партия катышат. (ZKo)