Нью-Йорк бороондон соң калыбына келе баштады

АКШ президенти Барак Обама шаршемби күнү “Сэнди” ураганы келтирген зыянды көрүү үчүн Нью-Жерси штатынын Атлантик Сити шаарына келди.

Нью Жерси штаты АКШнын Чыгыш жээгиндеги табигый апаатта эң катуу жабыркаган аймак. Обама алаамат алып келген зыянга каршы күрөшүү үчүн шайлоо өнөктүгүн токтоткон. Президенттик шайлоо АКШда 6-ноябрда болот.

Нью-Йоркто шаршемби күнү Жон Кеннеди жана “Нью-Йорк Либерти” аэропорттору ачылды. Шаардагы үчүнчү аэропорт “Ла-Гуардиа” азырынча жабык. Метро суу толуп калганга байланыштуу иштебей турат.

Бороон бери дегенде 45 адамдын омүрүн алган. Апаат АКШга 25 миллиард доллар чыгаша алып келгени айтылууда.