Өкмөт башчы депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев парламентке келип, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат. Өкмөт башчы буга чейин өзүнө берилген суроого ылайык, ундун баасы өкмөттүн көзөмөлүнө алынганын айтып, азыр өлкөнүн бардык аймактарына 1-сорт унду 21,5 сомдон (1 кг.), 2-сорттогусун 16,5 сомдон сатуу иштери уюштурулуп жатканын билдирди. Өкмөт башчы унду аймактарга жеткирүү бир аз кыйынчылыкка туруп жатканын, бул дагы баага таасир этерин айтып, депутаттарды унду жер-жерлерге жеткирүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

Өкмөт башчы мурунку ички иштер министринин кызматтан кетиши тууралуу да суроого жооп берип, президент Зарылбек Рысалиевдин арызын кабыл алганын билерин гана айтты. (ZKo)