Вашингтон Украинадагы шайлоого канааттанган жок

АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон жекшемби күнкү Украинадагы парламенттик шайлоону “артка кетенчиктөө” деп баалап, өлкө жетекчилигин бул абалга бөгөт койгонго үндөдү:

- Украин эли алда канча жакшы жашоого татыктуу. Алар мыйзам урматталган демократиялык институттары бар күчтүү өлкөдө жашаганга татыктуу. Бул шайлоо андай максаттарга жакындаткан жок.

Бюллетендердин 90 проценттен көбү саналгандан кийин да бийликтеги Региондор партиясы 31 процент добуш менен биринчи орунда баратат. Абакта отурган мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун “Ата Журт” партиясы 25 процентке жакын добуш менен экинчи орунда. Кийинки орундарда 14 процентке жакын добуш менен Коммунисттер жана “Удар” партиялары баратат.