Тажикстан декабрда Дүйнөлүк соода уюму - ДСУга мүчөлүккө кабыл алынышы ыктымал. Дүйнөлүк соода уюмунун дүйшөмбү күнү билдиришинче, азыр уюмдун бардык 153 мүчөсү Тажикстандын жумушчу тобу берген арызды бекиткенге даяр турат. Расмий Дүйшөмбү уюмдун Башкы кеңешинин 11-12-декабрда болчу жыйынында ДСУнун бардык талаптарын аткарам деп милдеттенме алууга тийиш.
Тажикстан бардык талаптарды аткарып, уюмдун бардык мүчөлөрү Тажикстанга “макул” дешсе, өлкө 2013-жылы ДСУга толук укуктуу мүчө болуп калат. Тажикстан мартабалуу эл аралык уюмга 2001-жылдан бери киргенге аракет кылып жүрөт.
Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна 1998-жылы 20-декабрда кошулган.