30-октябрга карата аба ырайы

30-октябрда ала булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, түндүк тарабында 0...5, күндүз 18...23,
Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22,
Баткенде түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, түштүк тарабында -3...+2, күндүз 10...15,
Нарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 10...15,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,
Тоолордо түнкүсүн -10...-15, ал эми күндүз -3...+2 болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8, күндүз 21...23 градус болот.