Нью-Йорктун мэри Майкл Блюмберг Кариб деңизи тарптан келаткан “Сэнди” ураганына байланыштуу шаардан 375 миң адамды коопсуз жактарга көчүрүүнү буйруду. Жекшемби күнү 8 миллион калктуу шаарда коомдук транспорт токтотулду. Дүйшөмбү күнү мектептер жабык болот. Табигый алааматка байланыштуу Нью-Жерси, Нью-Йорк, Коннектикут, Пенсилвания, Мэрилэнд, Виржиния штаттарында жана Вашингтон шаарында чукул кырдаал абалы жарыяланган.
“Сэнди” ураганы АКШнын чыгыш жээгин көздөй жылып келатып 40 адамдын өмүрүн алган. Күтүлбөгөн кырсык президент Обама менен атаандашы Митт Ромнини шайлоочулар менен кездешүүлөрдү токтотконго мажбур кылды. Барак Обама жекшемби күнү Вашингтондо сүйлөп: “Биз ураган кайсы жерге барып урат билбейбиз. Өтө чоң сокку болот деп күтүүдөбүз. Ошон үчүн түшкөн маалыматка карап, ыкчам жана масштабдуу чара көргөнүбүз маанилүү”,- деди.