Бишкек шаардык кеңешине шайлоого 23 партия катышат

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн 23 партия каттоодон өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Токтоболот Жумалиев билдирди. Алардын басымдуу бөлүгүн 2010-жылы парламенттик шайлоого катышкан партиялар түзөт.

Маалыматка ылайык, бүгүн шаардык кеңештерге шайлоо үчүн үгүт иштери башталды. Айылдык кеңештер үчүн үгүт жараяны 5-ноябрдан тарта жүргүзүлмөкчү.

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 25-ноябрга белгиленген. Бул күнү Кыргызстан боюнча 25 шаардык жана 416 айылдык кеңешке шайлоо болот. (KKs)