Садыркуловдун иши боюнча соттук териштирүү аяктады

Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү боюнча соттук териштирүү аяктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучулардын адвокаты Леонид Лужанский билдирди. Анын айтымында, 1-ноябрга белгиленген соттук жараянда тараптар жарыш сөзгө чыгып, андан соң сот өкүмү белгилүү болмокчу.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов жана анын айдоочусу Кубат Сулайманов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун өлүмүнө байланыштуу он кишиге айып тагылууда. Алардын арасында мурдагы президенттин иниси, ошол кездеги Күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиев да бар. (KKs)