Ташкенде энергетикалык айлампа маселеси кайрадан талкууланат

Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын энергетиктери келээрки аптанын башында Борбор Азиядагы энергетикалык айлампа маселеси боюнча кезектеги сүйлөшүүгө чогулат. Жыйынга Кыргызстандан “Улуттук электр станциялары” ишканасынын башчысы Медетбек Айткулов катышмакчы. Аталган мекемеден алынган маалыматка ылайык, энергетикалык айлампа боюнча тараптар бир пикирге келип калышты. Эми дүйшөмбүдөгү жолугушууда бул боюнча келишимге кол коюлушу мүмкүн. Буга чейин эки ирет Астана жана Ташкент шаарларында сүйлөшүүлөр болуп, бирок Кыргызстан үчүн натыйжалуу болгон эмес.

Казак тарап эки жылдан бери энергетикалык айлампадан чыгарын билдирип келет, алар муну Өзбекстанды айлампадагы электр энергиясын мыйзамсыз алып жатканына негиздеген.

Борбор Азиядагы энергетикалык айлампадан Казакстан чыга турган болсо Кыргызстандын түштүгүнүн бир бөлүгү менен түндүгү электр энергиясыз калуу коркунучу бар. Кыргыз өкмөтү бул кенемтени жоюу үчүн Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы линиясын куруп баштаган.(BkA)