Курман айтта милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Курман айт күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөй турганын “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин малымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кабарлады. Бул майрам учурунда жарандардын коопсуздугун сактоо жана коомдук тартипти камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө. Ал эми майрамдык намаз учурунда аянтка жакын жолдор тосулат.

Курман айт 26-октябрда белгиленет. Бул күн эс алуу күнү деп жарыяланган. (КЕ)