Иран министри мунай экспортун токтотобуз деп эскертти

Ирандын мунай министри билдиргенине караганда, Батыш Ислам жумуриятына каршы жаңы экономикалык санкцияларды киргизсе, Тегеран мунай экспорттоону токтотот. Рустам Каземи Иран мунайынын рынокто азайышы баалардын көтөрүлүшүнө алып келерин айтты. Батыш мамлекеттери жыл башынан тарта Ирандын мунайына эмбарго киргизишкен. Европалык өлкөлөр мунайды сатып алууну таптакыр токтотушкан, азиялык кардарлар болсо мурдагы көлөмдүн 10-30 процентин эле алып калышкан.

Санкциялар Ирандын атомдук программасы курал жасоону көздөйт деген шектенүүлөрдөн улам кабыл алынган.