Катардын эмири палестиналыктарды биримдикке чакырды

Катардын эмири палестиналыктарды бөлүнүп-жарылууну токтотуп, биригүүгө чакырды. Шейх Хамад бин Халифа Ал Тани “Хамас” тобу көзөмөлдөгөн Газа тилкесинде чет өлкөлүк жетекчилердин арасынан биринчи болуп кетти. Газадагы Ислам университетинде сөз сүйлөгөн эмир палестиналыктарды “каршылык көрсөтүү жана боштондукка чыгуу” стратегиясынын жоктугу үчүн сындады.

“Хамас” тилкени 5 жыл мурун ээлеп алып, “Фатах” үстөмдүк кылган Палестин бийлиги Иордан дарыясынын батыш жээгин гана жетектеп калган. Аларды жараштыруу аракеттеринен майнап чыкпай келатат.

Кечээ Газанын премьер-министри Исмаил Хания Катар Палестин автономиясындагы курулуш долбоорлору үчүн бөлүнгөн каражатты 400 миллион долларга жеткиргенин билдирди.