Караколдо "Ак-Тилек" базарынын сатуучулары жол тосту

"Ак-Тилек" базарынын 100гө чукул сатуучулары базардагы реконструкция иштерине каршы болуп, Каракол - Түп унаа жолун тосушту. Алар сатып жаткан ордуларында калтырууну талап кылышууда. Каракол шаарынын мэринин орун басары Көлбай Карасартовдун айтымында, реконструкциялоо иштерине байланыштуу сатуучулар жаңы базарга көчүрүлүп жаткан. Сатуучулар менен мэриянын ортосунда “сатуучулар базар ичинде калат” деген келишимге кол коюлду. (МК)