Грузиянын коргоо министри өлкөдөн чыгып кетти

Дмитрий Шашкин азыр кайда экени белгисиз

Коргоо министри Дмитрий Шашкин Грузияны таштап кеткен себебин “Иванишвили баштаган жаңы бийлик менен көз карашым дал келбейт” деп түшүндүрдү. Азыркы президент Михаил Саакашвилинин өкмөтүндө коргоо министрлигин жетектеген Шашкин бул билдирүүнү өзүнүн фейсбуктагы баракчасында калтырып, бирок азыр өзү кайсы өлкөдө экенин ачыктаган эмес.

Грузин басма сөзүндө президент Саакашвилинин бир нече үзөңгүлөштөрү шайлоодон кийин чет-өлкөгө качып кетишкени байма-бай айтылууда. Шайлоодо жеңишке жетип, азыр өкмөттү курап жаткан “Грузин кыялы” коалициясы мурдагы министрлер сот жообунан коркуп жатышканын айтып, атаандаштарына карата саясий кысым болбойт деп ишендирүүдө.

Грузияда парламенттик шайлоодо оппозициялык “Грузин кыялы” коалициясы жеңишке жетип, парламенттеги 150 депутаттык орундун 85ин ээлеген. Жаңы өкмөт ушул жумада куралып бүтүшү мүмкүн.