Нигерияда уурдалган орусиялык деңиз аскерлери тирүү

Бул тууралуу Нигерияда жоголгон моряктарды табуу менен алектенип жаткан дипломат Александр Чернов “Интерфакс” агенттигине кабарлады. “Азыр моряктарды кармап отургандар менен байланыш түзүү аракетиндебиз”, - деди Чернов. Мындан туура бир апта мурун деңиз каракчылары Нигериянын кара май ташыган кемесине кол салып, кемени карактаган соң 7 аскерди кошо ала кетишкен. Алардын алтоосу орусиялык, бирөө эстониялык жаран экени аныкталган.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Нигериянын бийликтери менен биргеликте аларды табууга бар аракетин жумшап жатканын билдирген болчу.