Грузияда жаңы парламент алгачкы сессиясын ачты

Сессия өлкөнүн экинчи ири шаары Кутаисиде өтүп жатат.

1-октябрдагы шайлоонун натыйжасында “Грузин кыялы” коалициясы жеңип, парламенттеги 150 орундун 85ин алды. Калган 65 орун президент Михаил Саакашвилинин "Бириккен Улуттук кыймыл" партиясына таандык.

“Грузин кыялы” коалициясы парламент төрагалыгына Давид Усуспашвилини көрсөткөн.

Премьер-министрликке коалиция лидери Бидзина Иванишвили келери күтүлүүдө.

Парламент Кутаисиден борбор Тбилисиге көчүш үчүн жаңы парламент Конституцияга өзгөртүү киргизген жатат.

Мурдагы парламент 2012-жылкы шайлоодон кийин парламентти Кутаисиге көчүрүү чечимин былтыр июлда эле кабыл алган. (UE)