Эркиндик бульварында акысыз интернет болот

22-октябрда Эркиндик бульварынын Чүй жана Киев көчөлөрүнүн аралыгына интернет орнотуу боюнча долбоордун ачылышы болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" “Маалымат мейкиндиги” аттуу долбоордун жетекчиси Жылдыз Турсунбекова билдирди.

Акысыз Wi-Fi орнотуу долбоорун "Жаштардын демилгелерин колдоо" фонду жана башка уюмдар каржылаган.

Кыргызстанда ачык асман алдындагы интернет быйылтан тарта жайыла баштады. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында да дүйнөлүк желеге акысыз кошулууга болот. (AKu)