Швейцарияда кармалган эки өзбекстандык күрөө менен бошотулду

Алишер Эргашев менен Шохрух Сабиров быйыл июлда арам акчаны адалдоого катышы бар деген шек менен камалышкан эле.

Алар үч күн мурда күрөө менен бошотулганын кечээ “Азаттыктын” өзбек кызматына Швейцариянын федералдык прокуратурасынын өкүлү (Jeannette Balmer) ырастады.

Мурдараак швейцар маалымат каражаттары бийликтер өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримова менен байланышы бар төрт өзбек жаранынын банк эсептерин жапканын, ал эсептерде 600 миллион франк же 640 миллион доллар бар болгонун кабарлашкан.

Камактан күрөө менен чыккан Эргашев жана Собиров "Coca-Cola Өзбекстан" компаниясынын менеджерлери. Бул компания кезинде Каримованын мурдагы күйөөсүнө тиешелүү болгон. (UE )